"2024-2028-жылдары Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүү" программасы иштелип чыгууда. Бүгүнкү күндө 2019-2023-жылга чейинки программа иштеп, ал жети секторду камтыганын Аслан Мусабеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жаңы программанын алкагында артыкчылыктуу секторлор аныкталып, мамлекет тарабынан аларды өнүктүрүү жолдору каралат.
"2015-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) "Туруктуу өнүктүрүү максаттары" программасы кабыл алынып, жакынкы 15 жылда социалдык интеграцияга жетишүү, глобалдык климаттын өзгөрүшүн токтотууга багытталган максаттар аныкталган. Бул стратегияга БУУга мүчө болгон 193 мамлекет кошулуп, милдеттенмелерди алышкан. Анда жашыл экономика багыты өзгөчө орунда туруп, учурда дүйнө эли аны өнүктүрүүгө бел байлады. Биздин өлкөдө бул жаңы багыт деп айтсак болот. Өкмөт Кыргызстанда 2019-2023-жылдарга жашыл экономиканы өнүктүрүү программасын кабыл алып, айыл чарба, транспорт, өндүрүш, экология, туризм багыттары боюнча иш алып барды. Эми 2024-2028-жылдарга карата программа иштелип жатат. Жаңы программанын алкагында артыкчылыктуу секторлор аныкталып, мамлекет тарабынан аларды өнүктүрүү жолдору каралат", — деди Мусабеков.
Ошондой эле адис "жашыл" технологиялардын маанилүүлүгү, артыкчылыктары тууралуу коомдо маалыматтык кампания жүрүшү керектигин кошумчалады.