Бишкектеги КМШ саммити

Путин КМШда абадан кол салуудан коргонуу системасын түзүү боюнча оюн айтты

Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. КМШда абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү өтө маанилүү. Бул боюнча баарыбыздын оюбуз бир жерден чыгып, өнүктүрүүнү макулдаштык. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Бишкекте өткөн КМШ саммитинин жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйында билдирди.
"Бул өтө маанилүү иш-чара. Абадан кол салуудан коргонуунун системасы — бул баарыбыздын өлкөбүздүн коопсуздугун сактай турган жогорку технологиялык, кымбат баалуу элемент. Ошондуктан баары макул болушту. Макул болуп тим болбостон өнүктүрүүнү сунушташты", — деди Путин.
Ал маселе документке кол коюу менен эле бүтүп калбастыгын, негизги маселе бул системаны иш жүзүндө түзүүдө экенин кошумчалады.
Бишкектеги КМШ саммити
Путин: "Кант" авиабазасы экстремисттик аракеттерге жол бербей кармап турган фактор