Бишкектеги КМШ саммити

Путин: "Кант" авиабазасы экстремисттик аракеттерге жол бербей кармап турган фактор

Владимир Путин авиабазаны түптөө өтүнүчү менен ошол кездеги президент Аскар Акаев кайрылганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. ЖККУнун Кыргызстандагы бирдиктүү "Кант" авиабазасы түрдүү экстремисттик аракеттерге жол бербей кармап турган фактор. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Бишкектеги КМШ саммитинин жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйында билдирди.
Ал авиабаза Кыргызстандын өтүнүчү менен түптөлгөнүн белгиледи.
"Убагында мага президент Аскар Акаев телефон чалып, тез арада ушундай бөлүк түптөөнү суранган. Себеби, эсиңиздерде болсо керек, Афганстандан согушкерлердин чоң тобу өлкөгө кирип келген. Кыргызстандын ошол кездеги армиясынын каршылык көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү дээрлик жок болчу. Коңшу мамлекеттер авиация менен жардам берүүгө аракет кылышкан. Бирок окуя күтпөгөн жерден башталып, бутага таамай тийбегендиктен жакшы эффект болгон эмес. Буга байланыштуу президент Акаев байланышка чыгып, тез арада чара көрүүнү суранган", — деди Путин.
Россиялык лидер "Кант" авиабазасы — түрдүү экстремисттик аракеттерге жол бербей кармап турган фактор экенин белгиледи.
Бишкектеги КМШ саммити
Бишкекте жолуккан КМШнын 8 президенти. Видео