Израиль армиясынын Газа менен Ливанда ак фосфор колдонгону айтылды

Буга чейин Палестина ТИМи Израиль тыюу салынган фосфорлуу снаряд колдонгону тууралуу айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Израиль армиясы Газа сектору менен Ливанды аткылоодо эл аралык конвенцияда тыюу салынган ак фосфор кошулган ок-дарыны колдонгон. Бул туурасында Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму билдиргенин РИА Новости жазды.
"Human Rights Watch уюму текшерилген видеожазуулардын, күбөлөрдүн айтканына негиздеп, Израиль армиясы 2023-жылы 10-11-октябрда Ливан менен Газадагы согуштук операцияларда ак фосфорду колдонгонун аныктады", — деп айтылат маалыматта.
Укук коргоочулар Газанын эл жыш жайгашкан райондорунда ак фосфордун колдонулушу эл аралык укуктардагы касташкан тараптар жай жарандардын өлүп жана жарадар болбошу үчүн дыкаттыктын болгон чараларын колдонуш керек деген эрежелерди бузарын белгилешкен.
Буга чейин Палестина ТИМи Израиль тыюу салынган фосфорлуу снаряд колдонгонун билдирген. БУУнун Башкы катчылыгынын өкүлү Стефан Дюжаррик Израилдин мындай ок-дарыны колдонгону тууралуу маалымат түшпөгөндүгүн айткан эле.

Ак фосфордун кесепети

Ак фосфор жарылганда жерге 1200-1300 градус температура менен түшөт. Кийимди өрттөп, денеде катуу күйүктөр калат. Уулуу түтүн бөлүнүп чыгат, ага өрт өчүргөн каражаттардын күчү жетпейт. Ак фосфор же өзү күйүп бүтөт, же кычкылтектин жогунан акыры өчөт. Фосфорлуу снаряддарды Кадимки куралдын конкреттүү түрлөрүн колдонууну чектөө же тыюу салуу боюнча конвенциянын негизинде пайдаланууга болбойт.

Палестина-Израиль чыры

7-октябрда Израилге Газа сектору тараптан чабуул жасалганы боюнча маалыматтар тарады. Аталган өлкөнүн билдиргенине караганда, ХАМАС аскерлери ракета менен жапырт аткылаган соң Израилдин түштүгүндөгү чектерине кирип келген дешүүдө. Аталган уюмдун аскер канаты жарыялаган аскердик операциясын "Аль-Акса топон суусу", ал эми Израиль тарап "Темир кылыч" деп атады. Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху элге кайрылып, Израиль узакка созула турган оор согушка киргенин, мындан улам мобилизациялоо жүрөрүн билдирген.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндик-израилдик жаңжал ондогон жылдардан бери региондогу кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Азыр эки жактан каза тапкан жай жарандардын саны миңден ашканы, андан сырткары, бир нече миң палестиналык, израилдиктер жаракат алганы айтылууда. Соңку маалыматтарда ХАМАСтын колунда 150гө чукул израилдиктин туткунда турганы кабарланган.
Лавров: КМШ өлкөлөрү Израиль-Палестина чатагы боюнча орток пикирди карманат