Бишкектеги КМШ саммити

Тажикстан президенти Эмомали Рахмонду Акылбек Жапаров тосуп алды. Видео

Бишкекке Россия, Беларусь, Түркмөнстан, Азербайжан өлкөлөрүнүн башчылары келишти.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон КМШ саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Рахмонду да "Манас" аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алган. Тажикстан президенти бүгүн Бишкекте өтө турган КМШ мамлекеттеринин башчыларынын жыйынына катышмакчы. Уюмга быйыл Кыргызстан төрагалык кылууда.
1 / 3

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон КМШ саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди

2 / 3

Ага ылайык, Рахмонду да "Манас" аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алган

3 / 3

Тажикстан президенти бүгүн Бишкекте өтө турган КМШ мамлекеттеринин башчыларынын жыйынына катышмакчы

Белгилей кетсек, Бишкекке Россия, Беларусь, Түркмөнстан, Азербайжан өлкөлөрүнүн башчылары келишти.
Бишкектеги КМШ саммити
Бишкекке Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов келди. Сүрөт, видео