БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда ЖККУнун "Бузулбас боордоштук-2023" машыгуусу аяктады.
Иш-чарага Россия, Беларусь, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстандан 1500гө жакын аскер кызматкери катышып, 200 аскердик жана атайын техника тартылган. Анын ичинде Ми-8, Ми-17, Ми-24 тик учактары, Су-25, Су-30 жана Ил-76 учактары, согуштук катерлер бар.
Сценарийге ылайык, аскер күчтөрү өзүнө бөлүнгөн аймакта тынчтык орнотуу операциясын жүргүзүп, көзөмөл-өткөрүү, фильтрациялоо пунктуларында жана качкындар лагеринде тапшырмаларды аткарышкан. Ошондой эле гуманитардык жүк колонналарын коштоп, басып алынган деңиз кемесиндеги "барымтадагыларды" бошотуп, аларга жардам берүү операцияларын өткөрүштү. Ал эми аскерлер абадан сокку уруучу "Муха" учкучсуз аппаратын биринчи жолу сынап көрүшкөн.
Бул машыгууга ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов, Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо, Беларустун коргоо министринин орун басары, Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын начальниги Виктор Гулевич, Россиянын коргоо министринин орун басары Александр Фомин, Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн десанттык камалоочу аскерлеринин кол башчысы Алмаз Жумакеев, ЖККУнун Бириккен штабынын начальниги Анатолий Сидоров жана башка коноктор көз салышкан.
Иш-чара ЖККУнун тынчтык сактоочу күчтөрүнүн башкаруу органдарынын жана жеке курамынын практикалык көндүмдөрүн, Борбор Азия аймагында тынчтык орнотуу үчүн тапшырмаларды аткарууда аскер бөлүктөрүнүн уюшкандыгын жогорулатуу максатында өткөрүлдү.
Машыгууга КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары Артур Темиров жетекчилик кылган.