БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Мэрия Бишкектеги тыгын маселесин жоюу максатында унаа кыймылынын жаңы схемасын сунуштоодо. Мисалы, так сандагы номерлүү унаалар дүйшөмбү, шаршемби, жума, жекшемби күндөрү, ал эми жуп сандагылар шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү жүрөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинде вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максат Сазыков билдирди.
"Бүгүнкүдөй ири иш-чаралар учурунда көчөдө көп адам болушу керек эле, бирок жолдор бош. Мен кадимки күндөрдө да ушундай болушун каалайт элем. Кээ бир күндөрү, жумасына эки же үч күн, ушундай так-жуп системасын киргизсекчи? Эмнеге болбосун? Бизде альтернатива бар, ал жаңы келген 375 автобус. Жуптар бүгүн чыгасыңар, эртең тактар чыгасыңар. Күндөрүнө туура келбегендер автобуска отуруп кете беришет", — деди Сазыкулов.
Белгилей кетсек, КМШ саммитине байланыштуу 12-13-октябрь күндөрү борбор калаада бардык билим берүү мекемелери онлайн-окутууга, кээ бир ишканалар аралыктан иштөөгө өткөн. Мындан улам шаарда жолдор бошоп, тыгын азайды.