Бишкекте орус жазуучуларынын чыгармачылыгы тууралуу жыйнак презентацияланды

Меймандарга элдик чыгармачыл бий топтордун катышуусу менен чакан концерт тартууланды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Бишкекте XIX-XX кылымдардагы орус жазуучуларынын чыгармачылыгы тууралуу 12 томдук жыйнак презентацияланды.
Аны Москванын "Биримдикке карай!" басылмасы даярдаган. Иш-чара КМШдагы орус тили жылынын алкагында улуттук китепканада өттү.
1 / 3

Бишкекте XIX-XX кылымдардагы орус жазуучуларынын чыгармачылыгы тууралуу 12 томдук жыйнак презентацияланды

2 / 3

Аны Москванын "Биримдикке карай!" басылмасы даярдаган

3 / 3

Иш-чара КМШдагы орус тили жылынын алкагында улуттук китепканада өттү

Элдердин руханий биримдигинин эл аралык фондунун президенти Валерий Алексеев төмөнкүлөрдү билдирди.
"Бүгүн 12 томдон турган китептерди Бишкектеги жана айылдардагы китепканаларга, Кыргызстандын билим берүү мекемелерине белекке бердик. Анда Пушкин, Лермонтов, Гоголь сыяктуу залкар жазуучулардын чыгармачылыгы жазылган. Биздин генийлердин чыгармачылыгы окурмандарга жаңы өңүттөн ачылат деген үмүттөмүн. Бул жазуучулар биздин руханий байлыкка, орус тилибизге зор салым кошкон", — деди ал.
Меймандарга элдик чыгармачыл бий топтордун катышуусу менен чакан концерт тартууланды.
Кыргызстан менен Россиянын ЖОЖдорунун ортосунда 51 келишим түзүлдү