Бишкектеги КМШ саммити

Кол алышкан, жылмайган КМШ президенттери. Саммиттен 14 сүрөт

Бүгүн, 13-октябрда, Кыргызстанда КМШ мамлекеттеринин башчыларынын саммити өттү. Жыйын "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында уюштурулду. Уюмга быйыл Кыргызстан төрагалык кылды.
Sputnik
Президенттердин саммити боюнча Sputnik агенттиги сүрөт түрмөк даярдады.
1 / 14

Садыр Жапаров саммитке келген президенттерди тосуп алууда

2 / 14

Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан тосуп алып, учурашып жатат

3 / 14

"Ала-Арчага" сегиз президенттин баары келгенден кийин чогуу сүрөткө түшүп, андан соң жыйын башталды

4 / 14

Президент Садыр Жапаров жыйынга төрагалык кылды

5 / 14

Кыргызстан, БИШКЕК, 2023-жыл, 13-октябрь. КМШ өлкөлөрүнүн президенттери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

6 / 14

Путин Россия КМШ өлкөлөрүнүн азык-түлүк муктаждыгын канааттандырарын айта кетти

7 / 14

Президент Садыр Жапаров орус тили КМШ өлкөлөрүнүн баарлашуу тили болуп кала берерине ишеним артты

8 / 14

Жыйындын жүрүшүндө Путинден сырткары КМШга мүчө мамлекеттердин лидерлери – Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын президенттери, КМШнын Башкы катчысы Сергей Лебедев сөз сүйлөдү

9 / 14

Путин Жапаровго меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди

10 / 14

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен Беларусь башчысы Александр Лукашенко

11 / 14

Президенттер тар чөйрөдө чогулгандан кийин кеңири форматта жыйын өткөрүштү

12 / 14

КМШ саммитинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

13 / 14

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге Ардак белгисин такты

14 / 14

КМШ лидерлери орус тили боюнча эл аралык уюмду түптөөгө шарт түзгөн документке кол коюшту

Тема боюнча:
Бишкекте жолуккан КМШнын 8 президенти. Видео
Дасторкондо чайлашып, боз үйгө кирип... Путиндин сапары сүрөттөрдө