Автоэксперт унаанын дөңгөлөгүн качан алмаштыруу керектигин түшүндүрдү

Абанын температурасы беш градустан төмөн болгондо дөңгөлөктөрдү алмаштыруу туура.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Биринчи тоңголок – дароо эле автоунаанын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырууга себеп эмес. Бул тууралуу автоэксперт Лев Зиманов Sputnik радиосуна курган маегинде айтып берди.
Зиманов күз мезгилинде бир-эки күн катуу суук болуп кайра ачылып кеткен учур көп. Андыктан жол тоңголок боло турган бир күндө зарылчылык болбосо унаа менен жолго чыкпай, кайра күн ачылганда жайкы дөңгөлөк менен жүрө турууну сунуштаган.
Адис сиз жолдо жүргөн учурларда абанын температурасы беш градустан төмөн болсо дөңгөлөктү кышкыга алмаштыруу зарыл.
"Дөңгөлөктү эрте алмаштырып алганда тормоздук аралык узарат, экинчиден, алар тез эскирет. Себеби абанын температурасы беш градустан жогору болгон шартта кышкы дөңгөлөк тез эскирет. Ал эми 10 градустан ысык болгон учурда кышкы дөңгөлөктөр жайкыдан да жай иштеп баштайт. Ошондуктан дөңгөлөктү эрте алмаштыруу зарыл эмес", – деп түшүндүрдү Лев Зиманов.
Жаан жааганда айдоочулар үчүн башкы кооптуулуктар айтылды