Бишкектеги КМШ саммити

Лукашенко саммитте КМШ эмне үчүн түзүлгөнүн эске салды

Учурда Бишкекте КМШга мүчө-өлкөлөрдүн президенттеринин саммити өтүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко Бишкекте өтүп жаткан саммитте Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) кандай максатта түзүлгөнүн айтып, Батыш аны чачыратууга аракет кылып жатканына токтолду.
Белгилей кетсек, учурда Бишкекте КМШга мүчө-өлкөлөрдүн президенттеринин саммити өтүүдө.
"КМШны негиздөөнүн максаты Советтер Союзу ыдырагандан кийин карым-катнаштын үзүлүшүнө жол бербөө болгон. Бул биздин атаандаштарга жаккан эмес, азыр да жакпай жатат. Батыш бүгүнкүгө чейин бизди ар тарапка чачыратып, алсыратып жана өзүнүн кызыкчылыктарына баш ийдирүүгө аракет кылууда", — деген ал.
Ушу тапта Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Беларусь, Тажикстан жана Түркмөнстан башчыларынын тар чөйрөдөгү жолугушуусу өтүп жатат. Мындан кийин кеңири форматтагы талкуу башталат. Өлкө башчылары күн тартибиндеги маанилүү маселелерди талкуулап, бир катар документтерге кол коюшмакчы.
Конгресс: АКШ Кытай жана Россия менен бир учурдагы чатакка даяр турушу керек