БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. АКШ ири державалар Кытай жана Россия менен бир учурда чыгып кетчү чатакка даяр турушу керек. Бул туурасында Конгресстин партия аралык комиссиясынын отчетунда айтылганын РИА Новости жазды.
Анда Вашингтондун өзөктүк күчтөрү Москва, Пекин менен чыгып кетүүчү чатакка даярдыгы начар экендиги, сапатты жакшыртууга, түзүмдүк өзгөрүүлөрдү жүргүзүүгө муктаждык бардыгы айтылган.
Мыйзамчылар эки державанын атомдук арсеналдары АКШныкы менен бир деңгээлде туруп калганда өзөктүк күчтөрдү жаңылоо планы "зарыл экенин, бирок жетишсиз болорун" божомолдошкон.
"Бул өзгөрүүлөр Американын өзөктүк мүмкүнчүлүгүн сан жана түзүмдүк жактан караштырып, жаңылап, оңдоп-түздөө зарылдыгын көрсөтүп турат", — деп докладда айтылган.
Россия жана Кытай менен өзөктүк чатакты изилдеген авторлор мындай нерсени таптакыр эле четке каккан эмес. Ал эми күчтөрдү ооздуктоо чараларын эмитен көрө баштоо зарылдыгын сунуштап, анын 2027-2035-жылдары чыгышы мүмкүн болгон "экзистенциалдуу" кооптуулуктарга жооп бергенге көрүлгөн кам-чом болорун белгилешкен.