Радио

Жол оңдоо үчүн бензиндин литрине бир сомдон кошуу сунушталууда. Чоо-жайы

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун директорунун орун басары Акылбек Мусабаев "Жол фонду тууралуу" мыйзамда каралган 16 каржы булактын тогузу иштеп жатканын маалымдады.
Sputnik
Жолдорду куруп, оңдоо үчүн кошумча каражат изделип жатат. Алардын бири катары бензиндин бир литрине бир сомдон кошуу сунушталууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн жолдорун тейлөөгө жылына беш миллиард сом керектелет.
"2021-жылы Жол фонду түзүлгөн. Анын негизги максаты жолго тиешелүү каражаттарды бир жерге топтоп, жол куруу, оңдоо жана тейлөөгө колдонуу болгон. 2022-жылы "Жол фонду жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, анда 16 каржы булагы аныкталган. Учурда анын ичинен тогузу иштеп, андан быйыл түшө турган каражат болжол менен 3 миллиард 900 миллион сомду түзүүдө. Анткен менен жыл сайын транспорт көбөйүп, жүк ташуучу унаалардын параметрлери дагы өзгөрүүдө. Ошондуктан жолдор бат эле талкаланып, бузулуп жатат. Бул үчүн жылына беш миллиард сом акча каражаты керектелет. Муну табыш үчүн кошумча булактар изделүүдө. Алардын бири катары бир литр майга бир сом кошуу сунушталууда. Учурда мыйзам коомдук талкууда турат. Бул жерде жолду ким канча колдонсо, ошончо төлөсүн деген принцип иштейт", — деди Мусабаев.
Ошондой эле ал союз тарагандан бери жолдор каралбай, көпчүлүгү талкаланып жатканын кошумчалады.