Жаңы Ак үйдүн имараты кандай курулуп жатат? Видео

Туманбаев бул имарат "мамлекеттин жүзү", "кыргыз элинин сыймыгы" болорун белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Мамлекет башчынын иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулуш иштери менен тааныштырды.
Туманбаев алгачкы долбоордо Ак үйдүн аянты 17 миң чарчы метр болгонун айтып, кийин президенттик администрациянын кызматкерлери 39 миң чарчы метрге кеңейттиргенин белгиледи.
"Мына ушул себептен компанияга бериле турган жердин аянты чоңойтулду", — деди ал.
Президенттин иш башкаруучусу бул имарат "мамлекеттин жүзү", "кыргыз элинин сыймыгы" болорун белгилеген.
Жаңы Ак үйдү куруу үчүн "Иншаат строй билдинг" компаниясына башында 16 гектар жер берилери айтылган, кийин ал 25,7 гектар алганы белгилүү болгон.
Буга чейин президент Садыр Жапаров КМШ саммитине келе турган президенттерди жаңы Ак үйдө тосорун билдирген эле. Бирок курулуш иштери бул убакытка бүткөн эмес. Кайсы этапта экени видеодо көрсөтүлгөн.
Мэрия Ак-Босого конушуна сквер курууга 101 млн. сомдук конкурс жарыялады