БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү "Бузулбас боордоштук" машыгуусуна аскердик катерлер тартылды. Бул тууралуу уюм катчылыгынын маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба секретариата ОДКБ
Жээктеги акваторияны кайтарууга алты катер, анын ичинде РВК-1328 маркасындагы "Вице-адмирал Темиров" суу катери пайдаланылды.
Машыгуунун сценарийи боюнча "террорчулар" радиоактивдүү калдыктардын жүгү жана экипажы бар баржаны басып алышат. Суу кемесин бошотууга КР спецназдары менен Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн катерлерин тартууну чечишкен.
"Басып алынган" кеме токтотулгандан кийин спецназдар Ми-8 МТВ тик учагынан аркан менен түшүшкөн. Аскерлерге Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн Ми-17 тик учагы да жардамга келген.