Мамлекеттик резиденцияда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен РФ лидери Владимир Путин күн тартибиндеги эки жана ар тараптуу маселелерди, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү талкуулашат.
Мындан тышкары, өлкө башчыларынын ЖККУнун Канттагы авиациялык базасынын 20 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышары күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, сапарды Улуттук телерадиокорпорациясы түз алып берди.