БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин "Ата-Бейитке" барып Үркүндүн курмандыктарын эскерди.
Ал Үркүн трагедиясына карата тургузулган мемориалга гүлчамбар койду.
1916-жылдагы каргашалуу окуя улуттук боштондук күрөш катары сыпатталат. Бул кайгылуу окуя эл арасында Үркүн деген ат менен белгилүү.
Бүгүн Россия президенти Владимир Путин расмий сапар менен Кыргызстанга келди. Анын алкагында өлкө башчыларынын сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.