"Учур" мамлекеттик театры аймактарды кыдырат. Убакыт-сааты

Театр гастролдук турун Нарындан баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. "Учур" мамлекеттик театры чыгармачылык гастроль менен аймактарды кыдырат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, театр гастролдук турун Нарындан баштап, көрүүчүлөргө "Борбаш" комедия-спектаклин тартуулайт.
23-октябрь — Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылы;
24-октябрь — Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылы;
25-октябрь — Кара-Суу айылы;
26-октябрь — Ат-Башы айылы;
27-октябрь — Нарын шаары.
Спектакль саат 18:30да баштала турганы кошумчаланды.
Театрлар өлкө аймактарын түрө кыдырган гастролдорун баштады