БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери кеңешинин жыйыны башталды.
Тышкы саясат ведомстволорунун башчылары алгач тар чөйрөдө, андан соң кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, 12-13-октябрда ордо калаада КМШ өлкө башчыларынын саммити өтмөкчү. Ага катышуу үчүн Россия президенти Владимир Путин расмий сапары менен Кыргызстанга келди. РФ ТИМ жетекчиси Сергей Лавров Бишкекке кечээ келген.