Сентябрда өлкө ИДПсы 808 млрд. сомду түздү. Салыштыруу

Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,2 пайызга көп.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Быйыл тогуз ай ичинде ички дүң продукциянын көлөмү болжол менен 808 миллиард сомду түздү. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,2 пайызга көп.
Билдирмеге ылайык, январь айынан сентябрдын аягына чейин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 331 миллиард сомдон ашкан. Бул сумма өткөн жылдын тогуз ай аралыгындагы көлөмдөн 0,7 пайызга көп.
Мындай тенденция төмөнкү тармактардын өсүшү менен шартталган:
фармацевтика;
резина-желим буюмдарды, курулуш материалдарын, химиялык продукцияларды, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдарын, жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүү;
текстиль өндүрүшү;
полиграфия ишмердиги;
тамак-аш азыктарын жана тамеки өндүрүү;
пайдалуу кен казуу.
Комитет курулуш тармагында да оң тенденциялар байкалганын, анда өсүш 13,7 пайызды түзгөнүн, дүң жана чекене соодадагы өсүү 18,9 пайызга жеткенин билдирди.
Радио
Кыргызстанда жеңил өнөр жай багытында тери, жүн иштетүүгө көңүл бурулат