Путиндин Кыргызстанга расмий сапары

Дасторкондо чайлашып, боз үйгө кирип... Путиндин сапары сүрөттөрдө

Россиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 12-октябрда, Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Ал Садыр Жапаров менен тар жана кеңири курамда жолугушууларды өткөрдү.
Sputnik
Сүйлөшүүлөр натыйжалуу өтүп, эки тараптуу жети документке кол коюлду. Иш-чара кандай өткөнүн Sputnik агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.
1 / 16

Бүгүн эртең менен Владимир Путин "Манас" аэропортуна конду. Аны аба майдандан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды

2 / 16

Путинди расмий тосуп алуу аземи "Ала-Арча" резиденциясында өттү

3 / 16

Владимир Путин менен Садыр Жапаров "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан жолуккан учур

4 / 16

Путин ардак кароол менен "Салам, аскер!" деп кыргызча учурашты

5 / 16

Шыбырашкан президенттер

6 / 16

Кыргызстандын гимни жаңырган учур

7 / 16

Садыр Жапаров Россия делегация мүчөлөрү менен таанышууда

8 / 16

Гүл менен шөкөттөлгөн "Ала-Арча" резиденциясы

9 / 16

Владимир Путин Кыргызстандын делегация мүчөлөрү менен учурашып жатат

10 / 16

Россиянын лидери "Ата-Бейитке" барып Үркүндүн курмандыктарын эскерди

11 / 16

Кеңири форматтагы жолугушууда эки жана көп тараптуу кызматташуунун мындан аркы өнүгүүсү талкууланды

12 / 16

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаровго Ардак орденин такты

13 / 16

Путиндин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында 7 документке кол коюлду

14 / 16

Кыргызстан жана Россия президенттери Садыр Жапаров менен Владимир Путин РФ лидеринин расмий сапарынын жыйынтыгы менен биргелешкен билдирүү жасоодо

15 / 16

Жапаров менен Путин дасторкон үстүндө

16 / 16

Өлкө башчылардын боз үйдөгү сейрек сүрөтү да чыкты

Тема боюнча:
РФ лидери Путиндин Кыргызстанга сапары. Жыйынтык видео