Путиндин Кыргызстанга расмий сапары

Путин: Россия Кыргызстанга газдаштыруу процессин илгерилетүүгө жардам берет

Ал Россия Кыргызстанга күйүүчү май жеткирген негизги мамлекет экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт.— Sputnik. Россия Кыргызстанда газдаштыруу деңгээлин 60 пайызга жеткирүүгө жардам берет. Бул тууралуу Владимир Путин расмий сапарынын жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.
Анын айтымында, "Газпром" компаниясы өлкөнүн газ системасына 18 миллиард рубль инвестиция салган.
"Газ менен камсыз кылуу деңгээли 30 пайызга чейин жогорулаган. Эми аны 60 пайызга жеткирүү пландалууда", — деген Путин.
Ал Россия Кыргызстанга күйүүчү май жеткирген негизги мамлекет экенин айтып, КРдин бензин менен дизелге болгон керектөөсүн Россия толугу менен камсыздай турганын кошумчалаган.
"Былтыр 1,2 тонна күйүүчү май экспорттогонбуз, быйыл да ошончо көлөмдө жөнөтүлөт. Өзгөчө белгилеп кетейин, мунай жеңилдетилген шарт менен бажы алымы жок экспорттолот. Бул Кыргызстандын экономикасына түздөн-түз таасирин тийгизет", — деди Россия президенти.
Путиндин Кыргызстанга расмий сапары
Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин биргелешкен билдирүүсү. Видео