Путиндин Кыргызстанга расмий сапары

Путиндин Бишкектин көчөлөрүндөгү кортежи. Видео

РФ лидери өзү дайым жүрчү Aurus унаасын ала келген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. УТРК Россия президенти Владимир Путиндин Бишкектеги кортежинин видеосун жарыялады.
Анда көрүнүп тургандай, РФ лидери өзү дайым жүрчү Aurus унаасын ала келген.
Белгилей кетсек, Россия лидери Владимир Путин КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин саммитине катышуу үчүн Бишкекке расмий сапар менен бүгүн эртең менен келип түштү. Ал өлкө башчы Садыр Жапаров менен жолукмакчы. Жакынкы мүнөттөрдө "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында салтанаттуу жолугушуу башталат.
КМШ тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталды. Видео