Бишкектеги КМШ саммити

КМШ саммитинен улам Бишкекте "Ош" базары да эки күнгө жабылды

Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. 12-13-октярь күндөрү өтө турган КМШ өлкө башчыларынын саммитинен улам Бишкектеги "Ош базары" соода жайы эки күнгө жабыла турганын мэрия билдирди.
Маалыматта бул күндөр Ленин райондук акимчилигинин өтүнүчү менен базар аймагында санитардык күн деп жарыяланганы айтылат.
Эскерте кетсек, буга чейин милиция саммиттен улам Бишкектин борбордук көчөлөрү маал-маалы менен тосулуп турарын айткан. Мектеп окуучулары да, ЖОЖ студенттери да эки күн аралыктан окуйт.
Бишкектеги КМШ саммити
12-13-октябрда Бишкекте студенттер да аралыктан окумай болду