Ошто айдоочулук күбөлүгү жок аял үч окуучуну сүзүп, бири каза болду

Ушул эле аял сентябрда 11 жаштагы баланы сүзүп алган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Ош шаарында 36 жаштагы айдоочу аял жөө өтмөктөн үч окуучуну сүзүп, бири каза болгонун Ош милициясынын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, кырсыктан жабыркаган бир окуучу башынан жаракат алып, ага операция жасалган. Бирок эсине келбей көз жумган.
"Автоунаа айдап бараткан аялдын айдоочулук күбөлүгү болгон эмес. Ушул эле жылдын 9-сентябрында да ал 11 жаштагы баланы сүзүп алып, жеткинчек ооруканага жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.
Ош ШИИБдин маалымат кызматы аталган айдоочу буга чейин дагы бир топ жол кырсыктарына себепкер болгонун белгиледи.
Боомдогу үрөй учурган жол кырсыгынан эки адам көз жумган