БИШКЕК, 12 окт — Sputnik. Ысык-Көл облусунда ЖККУнун "Бузулбас боордоштук-2023" машыгуусу учурунда аскерлер абадан сокку уруучу "Муха" учкучсуз аппаратын биринчи жолу сынап көрүштү. Бул тууралуу ЖККУнун маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, "Муха" дрону "кагылышуу" жүрүп жаткан жерден көздөгөн жерге учуп барып, таамай сокку урган.
"Муха" учкучсуз аппаратын россиялык адистер иштеп чыккан. Мындай дрон абада 5 килограммдай жүктү көтөрүп 30 мүнөт учуп жүрө алат. Аппаратка алысты 30 эсе жакындатып көрсөткөн камера коюлган. Ошондуктан аны чалгындоо максатында да колдонушат.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунда ЖККУнун "Бузулбас боордоштук-2023" машыгуусу кызуу жүрүп жатат. Иш-чарага Россия, Беларусь, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстандан 1500гө жакын аскер кызматкери катышып, 200 аскердик жана атайын техника тартылган.