Путиндин Кыргызстанга расмий сапары

Путин: Кыргызстанга жасалган сапар эбак бышып жетилген

Путиндин айтымында, эки тараптуу мамилелер ийгиликтүү өнүгүп жаткандыктан күн тартибиндеги талкуулай турган маселелер көп.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин өлкө башчы Садыр Жапаров менен жолугушуусунда Кыргызстанга жасалган сапары бышып жетилгенин билдирди.
Эске салсак, Путин Кыргызстанга расмий сапар менен бүгүн келди. Жапаров кириш сөзүндө сапар ЖККУ базасынын 20 жылдыгы, КРСУнун 30 жылдык мааракесинин алдында жасалганын белгиледи.
"Чынында эле жакшы себептер бар, бирок келчү учур башка себептерди эске албаганда деле бышып жетилген. Бул тууралуу көптөн бери айтылып келген, бүгүн Кыргызстанда болгонума кубанычтамын", — деди РФ президенти.
Анын айтымында, эки тараптуу мамилелер ийгиликтүү өнүгүп жаткандыктан күн тартибиндеги талкуулай турган маселелер көп. Ал өзгөчө экномикалык жыйынтыктарды белгиледи:
өткөн жылы соода жүгүртүү 37 пайызга жогорулап, биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, өсүш уланууда;
Россия — Кыргызстандын экономикасынын ири инвестору;
Кыргызстанда Россия катышкан 800 ишкана иштөөдө;
аймак аралык байланыштар өнүгүүдө. Кечээ Россия-кыргыз аймак аралык конференциясы өтүп, натыйжасы жакшы болду.
Владимир Путин Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлады