Путиндин Кыргызстанга расмий сапары

Кыргызстан менен Россия соода жүгүртүү боюнча амбициялык пландарды койду

Өткөн жылы товар айлантуунун көлөмү 37 пайызга жогорулап, 3,4 миллиард долларды түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия товар айлантууну жылына 5 миллиард долларга жеткирүүнү каалап жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров билдирди.
Эске салсак, Путин Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки президент тең пресса үчүн билдирүү жасашты.
Жапаровдун айтымында, президенттердин соода жүгүртүүнүн потенциалы толук ачыла электиги боюнча пикири бир жерден чыкты. Буга байланыштуу амбициялык деңгээлге, тагыраагы, соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүү үчүн чара көрүү тапшырылды.
Путин өткөн жылы товар айлантуунун көлөмү 37 пайызга жогорулап, 3,4 миллиард долларды түзгөнүн, биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча өсүш уланып жатканын айтты.
Күтүүсүз белек. Путин Жапаровго Ардак орденин тапшырган учурдун видеосу