Путиндин Кыргызстанга расмий сапары

Путин: Россия Кыргызстандын күйүүчү майга болгон керектөөсүн камсыздайт

РФ лидери быйыл да Россия Кыргызстанга 1,2 тонна күйүүчү майын экспорттой турганын убадалады.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин расмий сапарынын жыйынтыгын чыгарып жатып РФ Кыргызстанга күйүүчү май жеткирген негизги мамлекет экенин айтып, өлкөнүн бензин менен дизелге болгон керектөөсүн Россия толугу менен камсыздап келе жатканына токтолду.
"Былтыр 1,2 тонна күйүүчү май экспорттогонбуз, быйыл да ошончо көлөмдө жөнөтүлөт. Өзгөчө белгилеп кетейин, мунай жеңилдетилген шарт менен бажы алымы жок экспорттолот. Бул Кыргызстандын экономикасына түздөн-түз таасирин тийгизет", — деди Россия президенти.
РФ лидери Россия Кыргызстанга газдаштыруу процессин илгерилетүүгө жардам бере турганын кошумчалаган.
Путиндин Кыргызстанга расмий сапары
Кыргызстан менен Россия соода жүгүртүү боюнча амбициялык пландарды койду