Путиндин Кыргызстанга расмий сапары

Путиндин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында 7 документке кол коюлду

Билим берүү, айыл чарба, экология сыяктуу бир катар багыттар боюнча макулдашуулар түзүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы менен бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Кол коюлган документтердин тизмеси:
Кыргызстандын министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы Б. Ельцин атындагы КРСУнун иштөө шарттары жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстандын Юстиция министрлиги менен Россиянын Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстандын Юстиция министрлиги менен Россиянын Юстиция министрлигинин ортосундагы 2023-2024-жылдарга карата кызматташтык программасы;
Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Россиянын Жаратылыш ресурстар министрлигинин ортосундагы токой чарбасын өнүктүрүү жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги менен Россиянын жаратылыш ресурстары жана экология министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандуму;
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети ортосундагы ниет протоколу;
Россия өкмөтү менен Кыргызстандын министрлер кабинети ортосунда биологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
Путиндин Кыргызстанга расмий сапары
Кыргызстан менен Россия соода жүгүртүү боюнча амбициялык пландарды койду