Бишкектеги КМШ саммити

Кыргызстанга Азербайжандын президенти Илхам Алиев келди. Видео

Саммитке президенттер катышып, ага Садыр Жапаров төрагалык кылат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстанга Азербайжандын президенти Илхам Алиев келди. Аны "Манас" аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Алиев КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын эртеңки саммитине катышат.
Иш-чаранын жүрүшүндө КМШ мамлекеттеринин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө, ошондой эле чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынмакчы.
1 / 3

Кыргызстанга Азербайжандын президенти Илхам Алиев келди

2 / 3

Аны "Манас" аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды

3 / 3

Алиев КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын эртеңки саммитине катышат

Саммитке президенттер катышып, ага Садыр Жапаров төрагалык кылат.
Эске салсак, буга чейин Армениянын премьери Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, бир катар жагдайлардан улам Бишкектеги КМШнын саммитине катыша албай турганын айткан.
Илхам Алиев Бишкекке келбей турган Никол Пашинянга нааразы болду