Кыргызстанда менингит күчөп жатат. Ооругандар Бишкекте көп

Илдет өлкөдө 2015-жылы күчөп, андан бери басаңдап калган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстанда менингит күчөп жатат. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Айнура Мамбеталиева "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, ушул жылдын тогуз айында республика боюнча менингит менен ооругандардын саны 115ти түздү. Былтыр ушул эле убакта 41 адам ооруган болчу.
Илдет эң көп катталган жерлердин башында Бишкек турат. Борбор калаада 60 учур, Чүй облусунда — 21, Ош облусунда 12 учур катталган. Ал эми Таласта бир да киши катталган эмес.
Бул оору өлкөдө 2015-жылы күчөп, андан бери басаңдап калган болчу.
"Негизинен оору кыш-жаз мезгилдеринде, грипп жана КРВИ күчөгөн учурда көбөйөт. Кээ бирлер муну грипп деп жүрө берип, ооруканага кеч кайрылган учурлар бар. Андыктан дарыгерге өз убагында кайрылып, илдетти алдын алып же дарылоо зарыл", — деди Мамбеталиева.
Радио
Кыргызстанда быйыл 9-10 жылда күч алчу менингиттин көбөйгөнү байкалууда