Министрлер эл аралык күн тартиби жана кызматташууга байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Быйыл Кыргызстандын КМШга төрагалыгынын алкагында 45 иш-чара өткөн. Жыл соңуна чейин дагы 36 иш-чара өткөрүү пландалууда. Анын ичинде өкмөт башчылардын жыйыны менен Парламенттер аралык ассамблея дагы бар.
Жалпы 17 документке кол коюлду. Анын баары КМШ президенттеринин кароосуна жөнөтүлөт (13-октябрда). Негизги басым 2025-жылы өтө турган Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөө үчүн даярдыкка жасалды.
КМШ ТИМКтин кийинки жыйыны 2024-жылы апрель айында Минскиде өтөт. Шериктештикке Россия төрагалык кылат.