КРСУнун 30 жылдыгына арналган ири концерт өттү. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде окуу жайдын 30 жылдыгына арналган концерт өттү.
Майрамдык иш-чарага ардактуу коноктор, КРСУнун бүтүрүүчүлөрү, ийгиликтүү студенттер жана башка катышуучулар келди.
1 / 3

Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде окуу жайдын 30 жылдыгына арналган концерт өттү

2 / 3

Майрамдык иш-чарага ардактуу коноктор, КРСУнун бүтүрүүчүлөрү, ийгиликтүү студенттер жана башка катышуучулар келди

3 / 3

Концертте кыргыз элинин улуттук бийи тартууланып, орус элдик ырлар аткарылды

Сибирь федералдык университетинин ректору Максим Румянцев, Беларусь-Россия университетинин башчысы Михаил Лустенков, Гуманитардык илимдер мамлекеттик академиялык университетинин ректорунун милдетин аткаруучу Илья Сокольщик, Санкт-Петербург политехникалык университетинин эл аралык иштер боюнча проректору Дмитрий Арсеньев КРСУнун ректоруна белектерин тапшырышты.
Концертте кыргыз элинин улуттук бийи тартууланып, орус элдик ырлар аткарылды.
"Славян окуу жайы университеттен да артык". КРСУдагы көргөзмөнүн видеосу