КР менен РФ ортосундагы Абадан коргонуу системасы ратификацияланды

Бул макулдашууну ратификациялоо Кыргызстандын Россия менен стратегиялык мамилелерди чыңдоого болгон умтулуусун тастыктайт жана эки өлкөнүн ортосундагы коргонуу, коопсуздук жаатында мындан аркы өз ара кызматташуусун өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
"Садыр Жапаров "2022-жылдын 16-августунда Москва шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы Кыргызстан жана Россиянын абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргызстандын мыйзамына кол койду", — деп айтылат маалыматта.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 11-октябрында кабыл алынган. Документ аталган макулдашуунун күчүнө кириши боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргызстан тарабынан аткарууга багытталган.
"Тараптар региондогу абадан кол салуудан коргонууну өркүндөтүү максатында Кыргызстандын жана Россиянын абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүшөт. Ал Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышкан мамлекеттердин абадан кол салуудан коргонуунун бириккен системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан менен Россиянын ортосунда абадан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү - эки өлкөнүн аба мейкиндигин ишенимдүү коргоону камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле улуттук кызыкчылыктардын коопсуздугун жана корголушун жогорулатат.
Бул макулдашууну ратификациялоо Кыргызстандын Россия менен стратегиялык мамилелерди чыңдоого болгон умтулуусун тастыктайт жана эки өлкөнүн ортосундагы коргонуу, коопсуздук жаатында мындан аркы өз ара кызматташуусун өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Путиндин Кыргызстанга расмий сапары
Путиндин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында 7 документке кол коюлду