БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Химия, биология сабактары боюнча эл аралык олимпиадада жеңишке жеткен окуучулар менен алардын мугалимдери акчалай сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, сыйлыктарды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Жогорку технологиялар паркынын төрагасы Азамат Буржуев тапшырган.
Олимпиадада биология сабагы боюнча коло медаль алган Данияр Гаипов менен химия сабагы боюнча коло тагынган Ивана Решетниковага 1000 доллардан берилген.
Ал эми алардын мугалимдери Эльбрус Тажибаев, Даян Мэлисов, Мунарбек Айтиев, Алмир Самаркуловго 500 доллардан сый акы тапшырылды.
Жогорку технологиялар паркы табигый илимдер боюнча эл аралык олимпиадада алтын медаль уткан окуучуларга — 10 миң доллар, күмүш медаль үчүн — 5 миң доллар, ал эми колого миң доллар берерин эске салды.