Радио

Бапанова: "Алтын түйүн" менен "Орлёнок" көздөгөн максатына жетти

"Алтын түйүн" улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын директору, КРдин билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер Жаркын Бапанова "Орлёнок" эс алуу борборунун 10 лагери бар экенин айтты.
Sputnik
2024-жылдан баштап кыргызстандык балдар Россиядагы "Орлёнок" борборуна барып эс ала алышат. Бул тууралуу Жаркын Бапанова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай келишимди түзүү бир топ эмгекти талап кылды.
"СССР кезинде "Орлёнок" жана "Артек" лагерине баруу көптөгөн балдардын кыялы эле. Мен дагы 7-классты аяктаганда "Артек" лагеринде эс алгам. Мындай учурлар балдардын эсинде көпкө калып, жагымдуу сезим тартуулайт. Жакында эле түзүлгөн "Алтын түйүн" менен "Орлёнок" келишими асмандан түшүп калган жок. Мындай жыйынтык көп убакытты жана аракетти алды. Буюрса эки тарап тең көздөгөн максатына жетип, эми кыргызстандык балдар кыш мезгилинен тарта "Орлёнок" борборуна барып эс алып турат. Ал жакта бир гана эс албастан өзүн өнүктүрүүгө бир катар чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Анын баарын мен жакында эле көрүп келдим. Жайында 20 миңдей, кышында 3500дөй баланын эс алуусуна шарт түзүлгөн. Жалпы 10 лагери бар болсо, кышында анын төртөө иштейт экен. Азыр келишим түзүлдү. Эми балдарды кандай кылып тандап, кимдер бара турганын жана канча адамды жибере ала турганыбызды ойлонуштуруп жатабыз. Бирок биринчи этап кышында кетет", — деди Бапанова.
Ал "Орлёнок" эс алуу борбору 240 гектар жерде жайгашканын кошумчалады.