Илхам Алиев Бишкекке келбей турган Никол Пашинянга нааразы болду

10-октябрда Никол Пашинян Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен телефондон сүйлөшүп, бир катар жагдайлардан улам саммитке катыша албай турганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанда өтө турган КМШ өлкө башчыларынын саммитине келүүдөн баш тарткан Армениянын премьер-министри Никол Пашинянга нааразы болду. Бул тууралуу Sputnik Ближнее Зарубежье Telegram каналы жазып, видео жарыялады.
Эскерте кетсек, саммит 13-октябрда Бишкекте өтөт. 10-октябрда Никол Пашинян Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен телефондон сүйлөшүп, бир катар жагдайлардан улам КМШнын мамлекет башчыларынын жыйынына катыша албай турганын билдирген. Бишкекте эки тараптын сүйлөшүүсү болжолдонуп жаткан.
Алиев Армения тынчтыкты кааласа бардык мүмкүнчүлүктү колдонмок деген пикирин билдирди.
"Армения тынчтыкты каалайбы деген суроо жаралат. Менимче, жок. Эгер кааласа бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланмак. Армениянын премьер-министри 6 саат жол жүрүп Гранададагы түшүнүксүз жолугушууга барып, Азербайжансыз Азербайжанды талкуулады, ал эми 2-3 сааттык жолдогу Бишкекке келе албай калганы кызык", — деди Алиев.
Путиндин Кыргызстанга расмий сапары
Владимир Путин Кыргызстанга келди. Видео