Бишкектеги КМШ саммити

Александр Лукашенкону Кыргызстанда кантип тосуп алышты? Видео

Лукашенко КМШ саммитине катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко Бишкекке келгенин министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчыны "Манас" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Сапардын алкагында Лукашенко эртең, 13-октябрда, Бишкекте өтө турган КМШ мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.
Быйыл Кыргызстан КМШга төрагалык кылууда.
Бишкектеги КМШ саммити
Кыргызстанга Азербайжандын президенти Илхам Алиев келди. Видео