ЖККУнун машыгуусу Ысык-Көлдүн жээгинде өтүүдө. Видео

Иш-чарага 1500гө жакын аскер кызматкери, 200 аскердик жана атайын техника тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда ЖККУнун "Бузулбас боордоштук-2023" машыгуусу кызуу жүрүп жатканын Коргоо министрлигинен кабарлады.
Сценарийге ылайык, аскер күчтөрү өзүнө бөлүнгөн аймакта тынчтык орнотуу операциясын жүргүзүшөт. Ага кургактагы бөлүктөр, авиация жана согуштук катерлер тартылган.
Аскерлер көзөмөл-өткөрүү, фильтрациялоо пунктуларында жана качкындар лагеринде тапшырмаларды аткарууда. Ошондой эле гуманитардык жүк колонналарын коштоп, басып алынган деңиз кемесиндеги "барымтадагыларды" бошотуп, аларга жардам берүү операцияларын өткөрүп жатышат.
Машыгууга КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары Артур Темиров жетекчилик кылып жатканы айтылды. Иш-чарага 1500гө жакын аскер кызматкери, 200 аскердик жана атайын техника тартылган.
Балыкчыда ЖККУнун ири аскердик машыгуусу башталды. Сүрөт, видео