Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция

Россия-кыргыз регион аралык конференция аяктап, келишимдер түзүлдү, алака бекемделди

Стратегиялык өнөктөш мамлекеттердин биргелешкен иш-чарасы милиарддаган долларды чапчыган келишимдерди түзүү, пландалган жүздөгөн долбоор, программа, макулдашуулар менен соңуна чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Жалал-Абадда өткөн Россия-кыргыз региондор аралык X конференцияда 1,2 миллиард доллардан ашыгыраак суммада келишим түзүлүп, жыйырмага чукул документке кол коюлду.
Мындан сырткары, Жалал-Абад облусунда 660 мегаваттык көмүр жылуулук электростанциясын куруу боюнча баасы 2 миллиард 300 миллион долларды түзгөн келишим да бар.
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков макулдашуулар негизинен энергетика, айыл чарба, өнөр жай жана медицина жаатында болгонун айтты. Ошентип стратегиялык өнөктөш мамлекеттердин биргелешкен иш-чарасы милиарддаган долларды чапчыган келишимдерди түзүү, пландалган жүздөгөн долбоор, программа, макулдашуулар менен соңуна чыкты.
Конференцияда Кыргызстан менен Россиянын президенттери Садыр Жапаров жана Владимир Путин Россия-кыргыз аймак аралык конференциясына онлайн катышып, видеокайрылуу жасашты.
Жапаров токтолгон урунттуу учурлар:
конференцияга катышып жатканыңар — эки тараптын тең энергетика, тоо-кен өнөр жайы, айыл чарба жана туризм жаатында биргелешкен долбоорлорду иштетүүгө кызыкдар экендигин далилдейт;
биздин бүгүн жалпы милдет — өнөр жай өндүрүшүнө заманбап технологияларды киргизүү;
Кыргызстандын облустары менен Россиянын субъектилеринин диалогу — бул эки өлкөнүн көп пландуу кызматташуусун өстүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк.
Кыргызстан ишенимдүү өнөктөш экендигин айткан Жапаров россиялык ишкерлерди, инвесторлорду ири долбоорлорду чогуу ишке ашырууга чакырды.
Путин белгилеген маанилүү учурлар:
аймак аралык кызматташуу Россиянын көп субъектилери менен Кыргызстандын жети облусун камтыйт;
соода жана өнөр жай жаатындагы өз ара кызматташуунун өсүшүнө Кыргызстандын ЕАЭБге кириши түрткү болгонуна бардыгыңыздар макул болсоңуздар керек;
Россия билим берүүнүн өр алышына да жардам кылып, жакынкы аралыкта Кыргызстанга тогуз мектеп куруп берет. Өлкөдө россиялык ЖОЖдордун филиалдары ачылууда.
РФ Кыргызстан баштоого ниеттенген пайдалуу саамалыктарын колдоого убада берет.

ЕАЭБ, Россия, Кыргызстан

Россия менен Кыргызстан стратегиялык өнөктөш экенин сандар көрсөтүп турарын РФтин вице-премьери Алексей Оверчук белгилеген.
Соода жүгүртүүнүн көлөмү былтыркы жылы 3,4 миллиард долларды түзгөн. Басым эки мамлекеттин региондорунун байланышына жасалууда. Россиянын 80ден ашык аймагынын Кыргызстандын облустары менен соода-сатык алакасы бар.
Мындан сырткары, Оверчук Россиянын ЕАЭБ мамлекеттери менен тышкы соода айлантуусу Кыргызстандын биримдикке кирген мезгилинен тарта эки эсе өскөнүн айткан. Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев РФ КРдин экономикасынын салттуу жана туруктуу соода-экономикалык өнөктөшү экенин жана соода жүгүртүүнүн көлөмү боюнча Кытайдан кийинки экинчи орунду ээлей тургандыгын белгиледи.
Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция
Оверчук: Россия Кыргызстандын евразиялык интеграцияга кошкон салымын жогору баалайт