Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары кармалды

Азырынча Карашев кайсы иш боюнча айыпталып жатканы белгисиз.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашев кармалганын Sputnik Кыргызстан агенттигине ишенимдүү адамдар билдирди.
Азырынча Карашев кайсы иш боюнча айыпталып жатканы белгисиз. Ал Бажы кызматындагы орун басарлык кызматта эки жыл, тагыраагы, 2019-жылдан 2021-жылга чейин отурган. Соцтармак колдонуучулары аны "Бажыда коррупция жок" деген сөзү менен эстеп калышкан.
Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев кармалды