ЖККУнун Ысык-Көлдө өткөн "Бузулбас боордоштук" машыгуусунан сүрөттөр

Ысык-Көл облусунда ЖККУнун "Бузулбас боордоштук — 2023" машыгуусу кандай өткөнүн Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.
Sputnik
Иш-чарага 1500гө жакын аскер кызматкери, 200 аскердик жана атайын техника тартылган.
1 / 20

ЖККУга мүчө-мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүнүн тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен "Бузулбас боордоштук — 2023" биргелешкен машыгуусу өттү

2 / 20

Машыгууга келген Россиянын жоокерлери

3 / 20

Иш-чарага авиация, кургактагы бөлүктөр жана согуштук катерлер тартылган

4 / 20

Сценарийге ылайык, аскер күчтөрү өзүнө бөлүнгөн аймакта тынчтык орнотуу операциясын жүргүзүштү

5 / 20

Аскерлер көзөмөл-өткөрүү, фильтрациялоо пунктуларында жана качкындар лагеринде тапшырмаларды аткарууда

6 / 20

Машыгууга КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары Артур Темиров жетекчилик кылды

7 / 20

Иш-чарага 1500гө жакын аскер кызматкери, 200 аскердик жана атайын техника тартылган

8 / 20

Жоокерлер гуманитардык жүк колонналарын коштоп, басып алынган деңиз кемесиндеги "барымтадагыларды" бошотуп, аларга жардам берүү операцияларын өткөрүп жатышат

9 / 20

"Душмандарды" көздөй бет алган аскердик техника

10 / 20

Жоокерлер учактан парашют менен секирип жатышат

11 / 20

Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Россия, Тажикстан жана ЖККУнун Бирдиктүү штабы менен катчылыгынын ыкчам тобунун жоокерлери катышты

12 / 20

Аба десанты

13 / 20

Машыгуунун сценарийи боюнча, аскерлер гумжардам алып бара жаткан колоннаны коштошу керек

14 / 20

Казакстандык жоокерлер машыгуу учурунда СУ-27 истребителин колдонушту

15 / 20

Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен ЖККУ Бириккен штабынын башчысы, генерал-полковник Анатолий Сидоров

16 / 20

Машыгуу кызуу жүрүүдө

17 / 20

Спецназ "террорчуларды" куралсыздандырды

18 / 20

Полигонго "качкындарды" кабыл алган пункт ачылды. Анда ӨКМ менен медиктер иштейт

19 / 20

Машыгууга алгачкы ирет Тажикстандын жоокерлери катышты

20 / 20

Машыгууга 200дөн ашык аскердик жана атайын техника катышты

Тема боюнча:
ЖККУнун машыгуусу Ысык-Көлдүн жээгинде өтүүдө. Видео