Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция

Вольвач: россиялык бизнес Кыргызстандын өнөр жайы менен кызматташууга кызыкдар

Вольвач россиялык бизнес Кыргызстандын өнөр жайы менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын жана олуттуу ниети барэкенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Россиянын Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин башчысынын орун басары Дмитрий Вольвач Жалал-Абадда өткөн Россия-кыргыз конференциясынын жыйынтыгын корутундулады.
Ал Sputnik Кыргызстанга берген эксклюзивдүү комментарийинде төмөнкүлөрдү билдирди:
Жалал-Абад облусу маанилүү өнөр жай кластери болуп саналат. Аны инвестиция тартуунун олуттуу булагына айландыруу пландалууда;
бүгүнкү конференциянын алкагында жалпы баасы 120 млрд рублден ашык 18 келишимге кол коюлду;
россиялык капиталдын катышуусу менен жаңы электр станцияларын куруу Кыргызстандын энергетикалык балансын түп-тамырынан өзгөртүп, өнөр жайды өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет;
конференция россиялык бизнес Кыргызстандын өнөр жайы менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин тастыктады.
Вольвач Кыргызстанда тогуз россиялык мектепти куруу долбоорун өзүнчө белгилеп, бул Россия менен Кыргызстандын элдеринин биримдигине жана жалпы маданий мурасты сактоого кошкон салымы экенин кошумчалады.
Путиндин Кыргызстанга расмий сапары
Жапаров менен Путин эртең кандай маселелерди талкуулай турганы айтылды