Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция

Оверчук: Россия Кыргызстандын евразиялык интеграцияга кошкон салымын жогору баалайт

Жалал-Абадда өтүп жаткан конференциянын жыйынтыгы менен 3,5 миллиард долларлык документтерге кол коюлушу күтүлүп жатат.
Sputnik
ЖАЛАЛ-АБАД, 11-окт. — Sputnik. Россия Кыргызстандын евразиялык интеграцияга кошкон салымын жогору баалайт. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн жетекчисинин орун басары Алексей Оверчук Россия-кыргыз региондор аралык конференциянын пленардык жыйынында айтты.
Аткаминер өз сөзүндө 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта Кыргызстанда курулуп жаткан россиялык алгачкы үч мектеп ишке кирерин эске салган.
"Кыргызстандын евразиялык интеграцияга кошкон салымын жогору баалайбыз. Россиянын ЕАЭБ мамлекеттери менен тышкы соода айлантуусу Кыргызстандын биримдикке кирген мезгилинен тарта эки эсеге өстү. Акча которуулардын көлөмү да дээрлик эки эсеге көбөйдү. Глобалдуу өзгөрүүлөр жүрүп жаткан маалда элдерибиздин жашоо шартын жакшыртуу, бирдиктүү рынок түзүү сыяктуу негизги максаттарыбыздан четтебегенибиз оң. Бул өзөктүү баалуулук", — деди Оверчук.
Анын айтымында, россиялык компаниялар Кыргызстанга ГЭС куруу, гидроэнергетика жабдууларын иштеп чыгуу жаатындагы тажрыйбасын сунуштай алат.
"Мисалы, "Росатом" Кыргызстанда чакан ГЭС ачууну пландап жатат. Кыргызстанда россиялык компаниялар катышкан 40 ири долбоор ишке ашууда. ЕАЭБ мамлекеттери үчүн өнүгүү стратегиясынын келечегин көрө билүү абдан маанилүү. Россия 2030-жылга чейин стратегиялык пландоо документин демилгеледи", — деди ал.
Жалал-Абадда өтүп жаткан конференциянын жыйынтыгы менен 3,5 миллиард долларлык документтерге кол коюлушу күтүлүп жатат. Россия менен Кыргызстандын өкүлдөрү кызматташуу, долбоорлорду каржылоо, соода, туризм жана ритейл тармактары боюнча талкуу жүргүзүшүүдө. Программа өнөр жай объектилерин кыдырууну, Россия менен Кыргызстандын региондорунун "Достук" паркына капсула салуу аземин, көргөзмө жана бизнес-сессияларды камтфыйт.
Иш-чара эки өлкөнүн алакасын бекемдөөнү көздөйт.
Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция
Акылбек Жапаров КР менен РФтин биргелешкен ишинин жыйынтыгын чыгарды