ЖАЛАЛ-АБАД, 11-окт. — Sputnik. Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) уюшулгандан бери 580 миллион долларлык инвестициялык долбоорлорду ишке ашырды. Бул тууралуу аталган фонддун башкаруучулугунун төрагасы Артём Новиков билдирди.
Ал Россия-кыргыз региондор аралык конференцияда сүйлөгөн. Новиковдун айтымында, фонд өлкөнүн банк системасынын насыя портфелинин 10 пайызын, узак мөөнөттүү кредит структурасынын 24 пайызын ээлейт.
"Фонд түзүлгөндөн бери 580 миллион долларлык 3 360 долбоорду каржылады. Ушу тапта дагы 150 миллион долларлык инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып жатабыз. Фонд каржылаган долбоорлордун социалдык-экономикалык таасири өлкөдөгү башка финансы институттарыныкына караганда күчтүүлүк кылат", — деди Новиков.
РКӨФ жетекчиси фонддон насыя алган ишканалардын таза дүң кирешеси 2022-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын ИДПсына карата 9 пайызды түзүп, былтыр 44 пайызга өскөнүн билдирген. Анын айтымында, өнөктөш ишканалардын экспорту 30 пайызга жогорулады.
"Фонд Кыргызстандын Финансы министрлиги менен макулдашуу түзүп, инвесторлорго Улуттук банктын ставкасынан төмөн көрсөткүчтө сом менен насыя берүүгө даярбыз", — деди Новиков.
Россия-кыргыз аймак аралык Х конференция Жалал-Абадда өтүп жатат. Анда эки өлкөнүн өкүлдөрү соода, туризм жаатындагы долбоорлорду финансылоону талкуулоодо. Андан сырткары, бизнес-сессия, көргөзмө пландалган. Иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров менен РФ лидери Владимир Путин онлайн катышты.