АКШда республикачылар Украина менен Израилге жардамды бириктирүүгө каршы чыгышты

Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасындагы республикачылар Украинага көрсөтүлө турган аскердик траншка Израилге жасала турган жардамды байлоого каршы чыгышты. Бул тууралуу NBC телеканалына таянуу менен РИА Новости жазды.
Буга чейин NBC президенттик администрациядагы аткаминерге таянып Ак үй Израилге жана Украинага көрсөтүлчү жардамды бир мыйзам долбоору менен өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирген.
Телеканал мыйзамчылардын басымдуу бөлүгү демилгеге каршы экенин түз айтпаса дагы нааразы экенин кыйытканын жазды.
Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Майкл Берджесс конгресс алгач Израилге жардам бериши керек деп эсептейт. Ошол эле учурда Украинага колдоо көрсөтүүнүн пайдасын талкуулоону уланта бериш керек деген пикирде.
Жоржия штатынан шайланып келген республикачы Тейлор Грин эки маселени бири-бирине байлоо туура эмес экенин, экөө таптакыр эки башка жардам деп белгиледи.
Флорида штатынын өкүлү Брайан Маст да бул демилгеге караманча каршы. Ал Украинага эмес, Израилге жардам берүүгө макул. "Бул эки маселени бири-бирине байлабайт элем. Израилдин максаты так, ал эми Украина боюнча эч кандай план жок", — деди конгрессмен.
NBC бул сунушка Израилге да, Украинага да жардам берүүнү колдогон республикачылар да каршы чыгып жатканын жазды.
Буга чейин CNN журналисти Стивен Коллинсон Американын саясий чөйрөсүндө Вашингтон илгерки союздашы Израилди тандап, Украинага жөнөтүлүп жаткан күчтүн баарын Тель-Авивге буруусу керек деген пикир көбүрөөк айтыла баштаарын божомолдогон.
Путин: Жакынкы Чыгыштагы абалдын курчушу — АКШ саясатынын кыйроого учурашы