Радио

Психолог: баланын коомго аралашуусуна оюнчуктун таасири чоң

Балдар психологу Шолпан Мамытова балага таптакыр оюнчук алып бербей коюу да туура эмес экенин айтты.
Sputnik
Баланын коомго аралашуусуна оюнчуктун таасири чоң. Мындай пикирин Шолпан Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ата-энелер балага оюнчукту тандап сатып бериши керек.
"Баланын социумга аралашуусуна, анын адам болуп калыптанышына оюнчуктун орду чоң. Бала оюн аркылуу көп нерсени өздөштүрөт. Таптакыр оюнчук сатып бербеген ата-энелер да бар. Бул туура эмес. Телефон жана телевизор менен гана чоңойгон балдар мектепке барганда кыйналышы мүмкүн. Муну өз тажрыйбамдан көрүп келе жатам. Ошол эле маалда баласына абдан көп оюнчук алып берген да ата-энелер бар. Аларды маани берип, көңүл буруп сатып алууга чакырат элем. Анткени оюнчук баланын психологиялык абалына таасир этет", — деди психолог.
Ал бала үч жаштан баштап оюнчук аркылуу өз ордун издей баштаарын кошумчалады.