Ошто Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун форуму өтөт

Иш-чара биринчи ирет 2019-жылы уюштурулган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Ош мамлекеттик университетинде 13-октябрда Кыргызстан менен Россиянын ЖОЖ ректорлорунун III форуму өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Форумдун максаты билим берүү жана илим тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги багыттарын, евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн алкагында эки өлкөнүн билим берүү тутумун интеграциялоо жана кадрларды биргелешип даярдоо маселелерин талкуулоо болуп саналат.
Тиешелүү министрликтердин жетекчилери, Кыргызстан менен Россиянын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү жогорку окуу жайлардын биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга, илимий изилдөө иштерин, квалификацияны жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо программаларын талкуулашат. Жаштар форумдарын, жайкы жана кышкы мектептерди уюштуруу да каралат.
Белгилей кетсек, эки өлкөнүн ректорлорунун форуму биринчи ирет 2019-жылы Бишкекте Россиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында өткөн. Андан соң 2022-жылы Екатеринбург шаарында уюштурулган.
Пресс-борбор
Кыргызстандык балдар Россиянын "Орлёнок" борборунда эс ала алышат