Mega уюлдук оператору сатылды

Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. "Альфа Телеком" ишканасынын акциясынын 100 пайызы (Mega соода маркасы, мурунку MegaCom) электрондук аукциондо сатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.
Компаниянын жаңы ээси Мамлекеттик өнүктүрүү банкы болду. Ал Megaны 14 миллиард 8 миллион сомго сатып алды. Аукциондогу баштапкы баа 14 миллиард 6 миллион сом болчу.
Буга чейин ызы-чуу менен сатыкка коюлган уюлдук операторго кардар чыкпай аукцион жылдырылган.
Айбек Күрөңкеев "Мегакомдун" башкы директору болуп дайындалды